Бишкекте ар кайсы улуттун өкүлдөрүнүн улуттук тамак-ашы жана кийим-кечесинин жарманкеси өттү

Бишкекте Нооруз майрамына карата өлкөдө жашаган башка улуттун өкүлдөрүнүн тамак-аш, кийим-кече жана колго жасалган буюмдарынын жарманкеси өттү.

Эмен сейил багынын жанында 20га жакын чатыр тигилди. Анда чакан концерттик программа уюштурулуп, шаар тургундарына майрамдык маанай тартууланды. Жарманкеге келген коноктор ар бир улуттун ашканасынан даам сызып, маданияты менен таанышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Уюштуруучулар билдиришкендей, бул иш-чаранын негизги максаты ар бир элдин өзүнө тиешелүү маданиятын, салт-санаасын даңазалоо жана Кыргыз өлкөсүндөгү ар улуттун биримдигин чыңдоо болуп саналат.

Сүмөлөк, жарманке, улуттук оюндар... Бишкек Ноорузду кандай майрамдады?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан