Быйыл июнь айында Индиянын премьер-министри Кыргыз өлкөсүнө келет

Кечээ, 21-мартта тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле алдыда боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун министрлер кеңеши жана ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити сыяктуу иш-чаралар талкууланды. Быйыл июнь айында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргыз өлкөсүнө келе турган болду.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, алдыдагы биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууда жигердүү аракеттенүүгө өз ара багыт алуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан