Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин окуясы боюнча топтолгон материалдар облустук прокуратурага өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча тергөө иштери толук аяктап, дайындалган экспертизалардын жыйынтыктары да чыккан.
"Тергөө иштеринин алкагында маркумдун күйөөсү, кайненеси, кийин кошуналары да суракка алынган. Кайненеси менен күйөөсү аны өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткириши мүмкүн делип, тиешелүү экспертиза да дайындалган. Топтолгон материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилген. Алгач келинди дайынсыз жоголду деп арыз жазылган, анын жансыз денеси табылгандан кийин дайынсыз жоголгондугу боюнча иш жабылган. Ал эми кийинки жаңы жагдайлар боюнча тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Прокуратура топтолгон материалдарды карап чыгып, ишти сотко өткөрүш керек болчу. Январь айында айрым мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолор киргизилгени боюнча да тактоолор болуп, иш сотко өтөт", - деп билдиришти милициядан.
Эске салсак, келиндин жансыз денеси өткөн жылдын 3-ноябрь күнү Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан табылган. Келин 2-ноябрь күнү күндүзгү саат 11:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Окуядан кийин маркумдун атасы анын өлүмүнө кудагыйын күнөөлөп чыккан болчу.