Кыргыз өлкөсүнөн чыккан футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын улуттук курамында алгачкы оюнун өткөрдү. 21-мартта команданын негизги курамы менен Ахметов Евро-2020 турниринин тандоо этабында Бельгиянын курамасына каршы ойноду.
Бельгиялыктарга каршы оюнда курамда 2 футболчу дебют жасаган. Алардын бири Ильзат Ахметов болсо, экинчиси Фёдор Чалов. Алар тууралуу Орусиянын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов төмөнкүдөй пикирин айтканын РИА Новости басылмасы жазды.
"Биз Ильзат кандай ойноорун билебиз. Ал ЦСКАда кандай позицияда ойносо, курамда деле ошол позицияда ойноду. Сапаттуу оюн өткөрдү, бирок клубда ойногондой кызуу өткөрүп берүүлөр аз болду. Чалов экөөнү дебюту менен куттуктадым. Кайсы бир учурларды эске албаганда мен анын көрсөткөн оюнуна канааттандым", - дейт башкы машыктыруучу.
Аталган беттеш 21-мартта Брюсселде орун алды. Оюн 3:1 эсеби менен үй ээлеринин пайдасына аяктады. Бул күнү 2020-жылы өтө турган Европа Чемпиондугунун алгачкы квалификациялык оюндары орун алды.
Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгач бишкектик "Алга" футболдук клубунда ойноп келген. 11 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп барып, Юрий Коноплёвдун футбол академиясында тарбияланып баштаган. Андан соң Ильзат Ахметов "Рубин" футболдук клубу менен келишим түзүп, 16 жашында "Рубинде" дебют жасаган. 2018-жылы "ЦСКА" клубуна келип, азыркы учурда негизги оюнчусуна айланып, Чемпиондор Лигасында дагы беттештерге катышканга жетишти. Ал жакында эле Орусиянын улуттук курамына чакырылган.