Ош шаарындагы кооптуу делген май куюучу жайлар жабылат

Ош шаарындагы май куюучу жайлар текшерилип, талаптарга жооп бербегендери жабылат. Бул тууралуу шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов май куюучу жайларды текшерүү учурунда билдирген. Мэриянын берген маалыматына караганда, мындан тышкары шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча да буйрук чыгарылат.

Калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге тапшырма берип, нормага туура келбеген май куюучу жайларга мыйзам боюнча чара колдонулушу керектигин айтты.

“Эң биринчи кезекте элдин коопсуздугун ойлошубуз керек. Ар бир май куюучу жайдын мыйзамдуулугун текшергиле. Май куюучу бекеттер шаардын сыртында деле жетиштүү. Талаптарга жооп бербеген, мыйзамсыз, кооптуу май куюучу жайлардын иши токтотулат. Мындан кийин шаар ичине май куюучу жайларды курууга уруксат бербөө боюнча буйрук чыгарылат”, - деди Сарыбашов.

Ош шаарында жалпы 44 май куюучу жай бар. Анын алтоо иштебей турат.

20-мартта Ош шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдан өрт чыгып, 2 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Karakash
2019-03-22 21:02:25
Созсуз силерге жарылыш керек же олум болуш керек. Ошондо гана кыймылдап баштайсынар ага чейин уктайсынар. Мурда коопсуздукту карасанар болбойт беле?
+1
Abdizhapar
2019-03-22 21:34:01
Эркекбар экенсин го
0
Gema
2019-03-22 23:16:51
Ош эле эмес Бишкек да жабылсын!!!
0
-Sumitra-
2019-03-23 00:36:32
Юго -востоктогуну бир аз устураака жылдырыш керек эле.Бирок бардык эле май куюуучу жайлар шаардын ичинде домдорго жакын.Эн кооптусу мпа мн петролюм башнянын жанында.Эгер алар жабылса шаардын сыртына чыгып куябызбы бензинди?
+1
bessmertiy
2019-03-23 02:55:24
Араван көчөсүндөгү "Үч тал" кафесинин маңдайындагы АЗС өтө эле кооптуу. Үйлөргө жабышып эле турат.
0
Mamiev
2019-03-23 13:15:54
Акчадан көбүрөөк таштаса коопсуз болуп калат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан