"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун алкагында "112" уюлдук тиркемеси тесттик режимде ишке киргизилүүдө. Ага ар бир активдүү жаран өзү күбө болгон кырсык же укук бузуу боюнча, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу кайрыла алат. Тиешелүү мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарышат. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Тиркеме Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан иштелип чыгып, 22-мартта өкмөт үйүндө бет ачары өттү. "Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүүнү алган соң, жарандын билдирүүсүн алгандыгы жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте тиешелүү чаралар көрүлгөнү, ошону менен бирге кайрылууга жооп кайтарууга жооптуу орган тууралуу жаранга кабарлоого тийиш. Жоруктар жана укук бузуулар боюнча кайгуул кызматтары жерине баруу менен ыкчам жооп кайтарышат", - деди министрликтин өкүлү Айбек Картайганов.
Азыркы учурда иштөөсүн изилдеп чыгуу максатында тиркеме тесттик режимде киргизилип жатат. Тесттик ишке киргизүүнүн жыйынтыктары алынып жана иши туураланган соң толук кандуу колдонууга берилет.