Орусияда МАИ кызматкерине пара берген деп шектелген Кыргыз жаранын сот үй камагына чыгарды. Мындай маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Оренбург облусундагы консулдугу кабарлады.
Андагы маалыматка караганда, Кыргыз өлкөсүнүн 1979-жылы туулган Н.М. аттуу жараны 4-мартта Оренбург облусуна кирип бара жатып кармалган. Ал Бишкек–Москва багытында жүргүнчүлөрдү ташып иштеп жүргөн.
Бүгүн, 22-мартта ага МАИ кызматкерине пара берди деген негизде Орусиянын Кылмыш кодексинин 291-беренеси боюнча айып коюлду. Консулдуктун кийлигишүүсү менен сот аны үй камагына чыгарды.