Аба ырайынын жылууланышына байланыштуу тоолуу аймактардагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Кара-Кулжа-Алайкуу жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
"Министрлик тарабынан алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Кооптуу аймактарда айдоочулардан 500 метрлик дистанцияны сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.
Кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактар:
Бишкек-Ош унаа жолу: 121-138-чакырым - Төө-Ашуу ашуусу, 198-265-чакырым - Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолу: 68-99-чакырым, Чапчыма ашуусу;
Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу: 65-90-жана 95-130-чакырым.