Бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
Саат 13:00дөн 17:00гө чейин Тоголок молдо, Васильев, Фрунзе, Шопоков, Чүй көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Жакыпов, Горький, Карасаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Байтик баатыр, Медеров көчөлөрүндө;
Саат 9:30дан 14:00гө чейин Огонбаев, Гоголь көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Токтогул көчөсүнүн 37-үйүндө;
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жал кичи районунда;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Арча-Бешик конушу, Чоң-Арык айылында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурайт.