Ош шаарында, Кара-Суу жана Ноокат райондорундагы ооруканада балдарына ВИЧ жуккан энелер бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарында митингге чыкты.
Чогулган эне-балдардын саны 40ка чамалайт.
"Биз бүгүн эртең менен келдик. Бул жерде 2004-жылдан 2007-жылга чейинки аралыкта төрөлгөн балдарда ВИЧ жугузгандар. Бишкекке мүмкүнчүлүгү бар энелер гана келе алды. Бирок алардын саны арбын. 4 миң сом жөлөк пул эмнеге жетсин? Бизге көңүл бурулбай калды!", - деди энелердин бири.
Белгилүү болгондой, Ош облусу боюнча 520дан ашуун балага медициналык жардам көрсөтүлүп жаткан учурда ВИЧ жуккан. Илдет бир жолу сайылуучу шприцтин туура эмес пайдаланылганынан жукканын айтышат нааразычылык акциясына чыккан энелер.