Санкт-Петербургда КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясына Кыдыр Байсары уулунун эстелик бюсту тапшырылды

Санкт-Петербург шаарындагы Таврия ак сарайында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясына Кыдыр Байсары уулунун (Кыдыр Аке) эстелик бюсту салтанаттуу түрдө берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, КМШ парламенттер аралык ассамблея кеңешинин башкы катчысынын милдетин аткаруучу Дмитрий Кобицкий, Кыдыр Байсары уулунун неберелери Ишембек Кадыров жана Дүйшөмбек Кадыров, ошондой эле тарыхчы, окумуштуулар катышты.

Кыдыр Байсары уулу – ХIХ кылымдагы Кыргыздын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, көсөм саясатчысы. Ал он сегиз жашында Арык уруусунун башчылыгына шайланып, аймакты 20 жылдай жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан