Кыргыз студенттери үчүн АКШга окууга тапшыруунун кандай жолдору бар? Элчи Дональд Лу менен маек

Акыркы жылдарда чет өлкөдөн билим алып келген жаштардын саны көбөйүүдө. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн иштеп же билим алып жүргөн Кыргыз жаранын кезиктирүүгө болот. Мектепти, жогорку окуу жайларын аяктаган бүтүрүүчүлөр да билимин андан ары тереңдетиш үчүн Европа мамлекеттерине, АКШ, Япония, Корея сыяктуу өлкөлөргө барып окуп келсем деп тилек кылып жүргөн жаштардын саны да аз эмес. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Дональд Лу менен маек курду. Элчи мырзага АКШга окууга тапшыруунун, каржылык маселелерди чечүүнүн жол-жоболору тууралуу суроолорду бердик.

- Саламатсызбы, Дональд мырза? Айтсаңыз, АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосунда билим берүү жаатында келишимдер барбы?

- Биз АКШга жыл сайын миллиондогон сырттан келген студенттерди, алардын ичинен жүздөгөн таланттуу Кыргыз студенттерин кабыл алганыбызга сыймыктанабыз. Мындан сырткары өзүмдүн балдарым баш болуп бир нече америкалык студент бул жакта окуп жүрүшөт. Билим берүү жаатында алмашууну кеңейтүүгө умтулабыз жана Кыргыз жаштары үчүн АКШга окууга тапшыруу боюнча бир нече сунушубуз бар.

Биринчиден, Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканада жайгашкан биздин Education USA аттуу маалымат борборубуз Америкага барып окууну каалаган студенттерге акысыз кеңеш берет. Алар 4 миң 500дөн ашуун Американын университеттерине өтүүнүн ар бир баскычында өзүнүн ресурстарын жана жардамын сунушташат. АКШнын университеттерине өтүүгө кызыккандар пландаштыруу, приоритет коюу боюнча жана кандай гранттык мүмкүнчүлүктөр бар экендиги тууралуу пайдалуу маалыматтарды борбордун кызматкерлеринен билип алса болот.

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Америка Кошмо Штаттарында билим алуусун камсыз кыла турган, айрыкча бакалавр, магистр жана докторантура деңгээлинде кандай программалар бар?

- Эгемендүүлүктү алгандан бери 5 миңден ашуун Кыргыз жараны кесиптик билим берүү жана алмашуу программаларына катышып АКШга барып келишти. Ал эми 2018-жылдагы көрсөткүчтү ала турган болсок, элчилик тарабынан академиялык жана кесиптик тажрыйба алмашуу үчүн Америка Кошмо Штаттарына 214 Кыргыз жараны жиберилди.

Сиздерди азыркы учурда иштеп жаткан Фулбрайт, ФЛЕКС, ЮГРАД, Open World, Глобалдык ишкерлер саммити жана TechWomen программаларынын шарттары менен тааныштыра кетейин:

Илимий даража ээлери үчүн Фулбрайт программасы - Кыргыз окумуштууларына жана изилдөөчүлөрүнө адистик билимдерин тереңдетүү багытында Кошмо Штаттарга барып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө же жогорку окуу жайларда сабак берүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Талапкердин “илимдин кандидаты” же “доктору” деген илимий даражасы, басылып чыккан илимий-изилдөөчүлүк эмгектери болушу жана англис тилин жакшы билиши зарыл. Бул программага жалпы жонунан 100 Кыргыз жараны катышты.

Студенттер үчүн Фулбрайт программасы - искусство, техника, табигый илимдер, гуманитардык-социалдык илимдер жаатында жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө арналган. Программа АКШнын университеттеринде 2 жылдык мөөнөттө магистратурада окуп, изилдөөлөрдү жүргүзүп келүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул программанын кырктан ашуун бүтүрүүчүсү бар.

Фулбрайт FLTA программасы - англис тили мугалимдерине жана англис тили мугалимдик кесибинин акыркы курсунда окуп жаткан студенттерге багытталган. Бул программанын катышуучулары АКШнын кампустарында жумасына 20 саатка чейин кыргыз тилин окутуу менен бирге, семестрине эки сабак алып окуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Учурда кыргыз тилин АКШ университеттеринде окутуп келген 9 мугалим бар.

Хюберт Х. Хамфри стипендиялык программасы - Кошмо Штаттарда 10 ай окуп кесиби боюнча билим деңгээлин, адистигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Хамфри программасынын талапкерлигине мамлекеттик жана менчик секторлордо кызмат кылган, жетекчилик потенциалы күчтүү, коомдук иштерге катышкан кесипкөй, демилгелүү адистер тандалат. Кыргыз Республикасында Хамфри программасынын 29 катышуучусу бар.

ФЛЕКС программасы - орто мектеп окуучуларына Америка Кошмо Штаттарына барып, бир окуу жылын америкалык орто мектепте окуп, жергиликтүү үй-бүлөдө жашоо мүмкүнчүлүгүн берет. Кыргыз Республикасынын аймагында 1500дөн ашуун аталган программанын бүтүрүүчүлөрү бар.

Глобал ЮГРАД программасы - Кыргыз өлкөсүндөгү бакалавр деңгээлиндеги студенттерине АКШ университетинде бир семестр окуп келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин 200дөн ашуун Кыргыз жараны ЮГРАД программасына катышты.

TechWomen программасы - беш жума уланып, илим, технология, инженерия жана математика жаатында кеминде эки жыл эмгектенген кыз-келиндерге арналган. Бул программа менен АКШнын Силикон өрөөнүнө барып келген 23 айым кыргыз кыздарын так илимдерди өздөштүрүүгө шыктандырып келет.

Бир нече кыргыз музыканты One Beat Music Exchange программасынын бүтүрүүчүлөрү болуп саналат. One Beat программасынын алкагында музыканттар бир айлык мөөнөттө бүткүл дүйнө жүзүнөн келген музыканттар менен биргелешип чакан ансамблдерди түзүшүп, жергиликтүү музыканттар менен аларды аткарып коомдук уюмдар менен өнөктөштүктө америкалык жаштар үчүн чыгармачылык семинарларды өткөрүшөт.

- Американын жогорку окуу жайына кабыл алынган Кыргыз студенттеринин каржылык колдоо же грант алуу мүмкүнчүлүгү барбы?

Эң жакшы суроо. Жогоруда аталган алмашуу программаларынын бардыгы толугу менен АКШ өкмөтү тарабынан каржыланат. Ал эми катардагы студенттерге АКШ өкмөтү түздөн-түз стипендияларды бербейт. Эл аралык студент катары, сиз грант сыяктуу каржылоонун башка булактарын издешиңиз керек болот. Стипендияларды жана гранттарды сунуштаган бир топ жеке фонддор, бизнес жана өкмөттүк эмес уюмдар бар. Жакшы жери, бул сыяктуу каржылоону издөөдө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар жана биз аларды табууга жардам берүүгө даярбыз.

- Америкалык колледжде окууну каалагандар үчүн кандай талаптар бар жана ал жакка кандай документтерди тапшыруу керек?

- Америка Кошмо Штаттарында 4 миң 500 аккредитациядан өткөн университет бар. Алардын ар биринин кабыл алуу талаптары ар кандай. Бактыга жараша, көп америкалык жогорку окуу жайлар азыр “жалпы анкета” деген онлайн кабыл алуу системин колдонуп жатышат. Алардын талаптарын ошол окуу жайлардын интернеттеги баракчаларынан көрө аласыздар. Негизинен талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт: транскрипт (сабактардын бааларын камтыган документ), SAT же ACT сынактарынын жыйынтыктары, англис тили боюнча TOEFL сынагынын натыйжасы, сиз кайсы жаатта окууну каалооңуз жөнүндө эссе.

Мен Американын жогорку окуу жайларына өтүүгө жардам бере алабыз деп ырасташкан жеке компаниялардын жарнактарын көп көрөм. Баса айтып кетерим, бул иш-чарада жардам үчүн акча төлөөнүн эч зарылдыгы жок. Эң жакшы кеңеш жана маалымат АКШ элчилигинин EducationUSA маалыматтык борбору тарабынан акысыз берилет.

- АКШдан билим алууга кызыкдар болгон Кыргыз студенттерине АКШ элчилиги кандай англис тил курстарын сунуштайт?

- Мен жумасына эки жолу кыргыз тилин үйрөнөм, сабактар чынында эле кызыктуу болот. Англис тилин үйрөнгөн жаштардын жана мен сыяктуу жүрөгү жаш адамдардын саны көбөйгөнүнө кубанычтамын. Бул тил барган сайын эл аралык билим, технология жана бизнес тилине айланууда.

Биринчиден, АКШ элчилиги Кыргыз Республикасынын англис тили боюнча демилгесин колдойт. 2010-жылдан тартып, биз 2 миллион 300 миң доллардан ашык акча каражатын Америка бурчтарындагы жана Кыргыз өлкөсүнүн китепкана системиндеги акысыз, жогорку ылдамдыктагы интернетти, англис тилин үйрөнүүнү, билим жана технологиялык программаларды колдоого сарптадык. Биздин Бишкек, Кант, Нарын, Каракол, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги борборлорубуз - жергиликтүү элдин бир арага келип коомчулукту жакшыртуу жолдорун талкуулоосуна ыңгайлуу заманбап жана динамикалуу жайлар.

Англис тилин АКШда үйрөнүүгө кызыкдар адамдар АКШнын аккредитациядан өткөн колледждерине байланышы бар тил курстарын карашы керек. Мындай учурда алар “кампуста жашоону” сезип, кампустун коомчулугу менен байланыш түзө алышат.

Англис тилин үйрөнүүнүн эң жакшы жолу - бул кызыктуу материалдардын жана таланттуу мугалимдердин жардамы, ошондой эле күнүмдүк оозеки жөндөмүн өнүктүрүү үчүн керектелген төмөнкү төрт шыкты өрчүтүү: угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу. Англис тил курстарына, маектешүү клубдарына катышуу үчүн жана англис тил материалдарын алуу үчүн өзүңүзгө жакын жайгашкан Америка бурчуна келип туруңуз.

- Жоопторуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Саламатта туруңуз.

- Рахмат! Биздин өлкөбүздө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар болгон ар бир жаранга ыраазычылык билдирем жана ал мүмкүнчүлүккө ээ болушуңуздарга тилектешмин!

SUPER.KG порталы буга чейин Түштүк Кореяга барып билим алуунун жол-жоболорун окурмандарга жарыяланган. Бул шилтемеден сиздер аталган өлкөдө окуу үчүн кандай кадамдарды жасоо керек деген суроого толук жооп ала аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2019-03-26 12:20:14
Окуп жыргаттык
+1
admin_portal
2019-03-26 13:35:45
Pchelka85, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан