Ош шаарында көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатынан секирүүгө аракет жасаган кыз куткарылды. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, кыз ӨКМнын кызматкерлери тарабынан куткарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
"Окуя Раззаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. 23-март күнү саат 12:40 чамасында 1992-жылы туулган К. Ш. кызы. аттуу жаран 4-кабаттан секиргени жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ӨКМнын кызматкерлери аны куткарып калууга жетишкен. Учурда куткарылган кыз ооруканада жатат. Анын өз жанын кыюуга аракет кылышына эмне себеп болгону такталып жатат. Кошумча маалымат берилет", - деди шаардык милициядан. Кошумчалай кетсек, ооруканада жаткан кыз үйүндө апасы менен жашайт.