Эртең Кино үйүндө Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн V кинофестивалы башталат

Бишкек шаарында 24-ноябрда кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн V кинофестивалы башталат. Бул тууралуу режиссёр өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди. "Менин бүтүрүүчүлөрүм ийгилик жаратып жаткандарына кээде өзүм да ишенбей кетем. I фестивалда 10 кыска метраждуу фильм, II фестивалда 15, IIIдө 10 кыска ,3 толук метраждуу, IV фестивалда 10 кыска, 5 толук метраждуу тасма көрсөтүлгөн. Эми алдыда турган фестивалда 11 кыска жана 10 толук метраждуу фильм көрсөтүлөт",- деп жазат Эрнест Абдыжапаров. V кинофестивалда "Көк салкын", "Президент жана бомж", "Сулуулар жана миллион" жана башка бүтүрүүчүлөрдүн фильмдери көрсөтүлүп, ар кандай номинациялар боюнча ат салышмакчы. Ал эми калыстардын тобуна белгилүү режиссёрлор кирет. Кошумчалай кетсек, 3 күнгө созулган фестиваль Кино үйүндө өтүп, кирүү акысыз болмокчу.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан