Уулуна ВИЧ илдети жуккан эне: "Кайненем менен кайнатам балама ВИЧ жукканын билгенден кийин экөөбүздү бөлүп коюшкан. Азыркы күнгө чейин биз менен катышпай, өгөйлөп келишет"

Бүгүн, 25-мартта борбор калаада балдарына ВИЧ илдетин жугузуп алган ата-энелер арыз-дооматын айтып митингге чыгышты. Ага Ош шаарынан, Ноокат районунан келген энелер катышты. Митингдин катышуучусу 41 жаштагы Ноокат районунун Мадина Т. аттуу тургуну уулунун келечегин ойлогондо көз жашын токтото албай турганын айтат.

"Биздин маселе бул күнгө чейин чечилбегендиктен ушул жерге келүүгө мажбур болдук. Бизге көңүл бурулсун, тиешелүү жардамдар берилсин деген талаптар менен келдик. Менин 3 балам бар, жолдошум жана 2 баламдын ден соолугу жакшы. 2008-жылы Ноокат районундагы жугуштуу оорулар ооруканасына жатканбыз, анда 3 жаштагы балам ооруп түштү. Үйгө чыгарылгандан кийин тынымсыз эле доктурлар каттап калды, анан балама ВИЧ жугуп калганын билдик. Бул илдетке чалдыккан энелердин жашоосу оор, көбү балдарын жанына алып жатат. Аларга түнү менен ысытма чыгат, кыйналышат, бирок муну эч ким билбейт. Түн жарымында дене табы көтөрүлсө ооруканага алып барабыз, алар дагы дары жазып беришет. Балдар алсыз болгондуктан болгон оорунун баары буларга биринчи жабышат. Ал да кошумча көйгөйлөрдү жаратат.

Кайненем менен кайнатам балама ВИЧ жукканын билген соң экөөбүздү бөлүп коюшкан. Азыркы күнгө чейин уулум экөөбүз менен катышышпайт, бизди өгөйлөшөт. Жакын адамдарыбыздын арасында деле эч кандай колдоо таппай келебиз. Мындайда жакындарыбыз түшүнбөй жатканда башкалардан эмне күтүшүбүз керек? Ичибизден түтөп, жүрөгүбүз жараланып жашап келебиз. Ата-эне баласын кийин чоңойгондо бизди багып, каралашат деген үмүттө чоңойтушат экен, а биздин жашообуз такыр башкача. Күн сайын баламдын келечеги кандай болуп, кийин кантип жашайт деген жоопсуз суроолор менен алышып келебиз.

Балдарыбыздын жашы 18ге келгенде мамлекет тарабынан берилген жөлөк пул токтойт экен. Бул нерсе токтобошу керек. Мамлекет бөлүп берген 4 миң сом эч нерсеге деле жетпейт, чынын айтканда. Күчтүү дары-дармектерди иче берип башка органдарына да доо кетип жатпайбы. Дарыгерлер баланын абалы жакшы дей беришет, кайдан жакшы болот", - дейт көз жашын сүрткөн эне.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан