Якутск шаарындагы Кыргыз жарандары жумуштарына кайта башташты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 25-мартта аталган шаардагы "Шавуха" деген ашканада иштеп жаткан Кыргыз жараны Талгат Аскат уулу билдирди. Анын белгилешинче, учурда мурдагыдай жергиликтүү тургундар тарабынан болуп жаткан коркутуулар жокко эсе.
"Азыр Якутск шаарында баары жакшы. Айрымдары өз жумуш ордуларына кайтып иштеп жатышат, айрымдары дале жумушка чыга элек" ,- деди Аскат уулу.
17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга жергиликтүү тургунду Борбор Азиядан келген 3 адам күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганы тууралуу маалымат түрткү болгон.
Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын ичинен Ж.К. уулу күнөөсүн моюнуна алганын кабарлаган. Андан кийин шектүү шаардык соттун чечими менен камакка алынган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.
Аталган окуядан кийин Кыргыз өлкөсүнүн Миграция кызматынын өкүлдөрү аталган шаарга барып жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп келишкен.
Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны бар болсо, анын 10 миңден ашыгы Саха Республикасынын аймагында иштеп жүрүшөт.