Бишкекте орусиялык белгилүү рэпер Тиматинин бекер бургерин жейбиз деп чогулган элдин ичинен 7 адам жаракат алды. Мындай маалыматты SUPER.KG'нин жеринде жүргөн кабарчысы "Тез жардам" кызматынын маалыматына таянып билдирди. Анын айтымында, жаракат алгандардын биринин абалы оор болгондуктан ооруканага жиберилди.
"Белгилүү рэпер Тимати "Азия Молл" соода борборундагы Black Star Burger тез тамактануучу жайынын расмий ачылышына катышты. Бирок башталышы саат 18:00гө белгиленгени менен эл 1 жарым саат мурун келип аябай тыгын орун алды. Жалпылап айтканда миңден ашык киши келди. Ал жерге чакыртылган "Тез жардам" кызматынын маалыматына караганда, тыгында 7 адам жаракат алганын айтып кайрылган. Биринин абалы оор болуп ооруканага жиберилсе, калганына жеринде жардам көрсөтүлгөн", - деди кабарчыбыз Алтынай Тынышова.
Тимати жана анын өнөктөштөрү Юрий Левитас менен Вальтер элге шаңдуу маанай тартуулап, андан кийин бекер бургер таратышты.