Түркиянын "Галатасарай" клубунда ойногон 13 жаштагы кыргыз футболчу Бекназ Алмазбеков пенальтини атайылап дарбазадан сыртка тепти. Бул тууралуу аталган клубдун расмий баракчасы жазды.
Белгилүү болгондой, 14 жашка чейинки оюнчулардан турган "Галатасарай"-"Истанбулспор" беттешинде Алмазбеков айып аянтчасында жыгылып, беттештин калысы анын командасынын пайдасына 11 метрлик айып сокку дайындаган. Бирок оюнчу калыска келип эреже бузуу болбогонун айтканда калыс чечимин өзгөрткөн эмес. Жыйынтыгында Алмазбеков топту атайылап сыртка тээп, командасына дагы бир гол пайда алып келүүдөн баш тарткан. Буга карабай беттеш 2:0 эсебинде "Галатасарайдын" пайдасына чечилип, Алмазбеков бир гол жаратууга жетишкен.
Бекназ Алмазбеков - "Галатасарай" клубунун 14 жашка чейинки футболчулардан турган курамынын капитаны. Ал буга чейин Бишкектин "Алга" клубунда ойноп келген.