Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтө элек. Текшерүү иштери качан аягына чыгары да белгисиз. Бул туралуу бүгүн, 26-мартта SUPER.KG порталына аталган кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди.
Маалым болгондой, Матраимовдун мүлкүн текшерүү ушул жылдын 31-январь күнү башталган.
"Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иштери улантылууда. Текшерүү качан аяктай турганы боюнча так маалымат жок. Анын жыйынтыгы боюнча толук маалымат кийин берилет. Негизи текшерүү иштери канча бир күнгө же айга созулушу керек деген так убакыт көрсөтүлгөн эмес, бул нерсе окуядан же кылмыш ишинин курамынан көз каранды болот", - деди Пискур.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Матраимовдун иниси Исламбек Матраимов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ички коопсуздук жана текшерүү башкармалыгынын башчысы кызматын аркалайт. Өткөн жылы 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында Матраимовдун мүлкү текшериле турганын айткан.
Окуянын чоо-жайы:
"Райым миллион" каймана аты менен белгилүү болгон Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары болуп турган. 2017-жылдын 23-ноябрында ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен кызматынан алган. 2018-жылы 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Сапар Исаковду сотко берген. Райымбек Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.
Өткөн жылдын 25-июлунда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарып, 28-декабрда Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырган.