25-июлда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде депутат Карганбек Самаков менен «Манас» эпосун жана кыргыздын руханий байлыктарын ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк руханий мурастар тизмесине каттоо боюнча эксперттик кеңештин жолугушуусу болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, белгилүү жазуучулар, ЮНЕСКО иштери боюнча эксперттер - Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов жана Роза Аманова катышты. Пикир алмашуу учурунда буга чейин жасалган иштер менен катар алдыдагы максаттар талкууланды. Ал эми ушул жылдын июль айынын соңку күндөрүндө Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун чет өлкөгө жасаган иш сапары учурунда ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттердин элчилери жана туруктуу өкүлдөрү, эксперттери менен жолугушуусу күтүлүүдө.