Жол кырсыгынан каза болгон түркиялык кыргыз жоокеринин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Түркиянын Ван аймагынын тургуну Мошал Гүвен билдирди.
Анын айтымында, 6 айдан бери аскердик кызматын өтөп жаткан Өмер Улутүрк 23-март күнү жол кырсыгынан каза болгон.
"Бир тууганыбыз Өмер Улутүрк менен коштошуу аземи кечээ, 25-мартта Йозгат шаарындагы Йенифакылы аймагында өттү. Аны акыркы сапарга узатуу үчүн Ван аймагынан 200, Анкаранын Чубук районунан 250, Стамбулдан 50 жана Малатя шаарынан 30 кыргыз боордошторубуз келди", - деди Гүвен.
Мындан сырткары Мошал Гүвен Улутүрктүн жаназасына Түркиянын вице-президенти Фуат Октай баш болгон бир топ аткаминерлер катышканын кошумчалады.