"Жалал-Абад Электр" ишканасынын кызматкерлери 3 айдан бери айлык акы ала элек деген маалымат боюнча аталган ишкананын маалымат катчылыгы жооп берди. Белгилей кетсек, буга чейин окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" маалымат жөнөтүп, анда ишкананын кызматкерлери 3 айлык акысын ала электигин айткан.
"Негизинен айлык акы электр энергиясын кардарларга сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен берилет. Февраль айынын айлык маянасы 15-мартка чейин төлөнүшү керек болчу, бирок мамлекеттик мекеме-ишканалардын электр энергиясына болгон жалпы карызы 42 миллион сомдон ашты. Бүгүнкү күндө бул сумма төлөнө элек. Март айынын аягына чейин февралдын айлыгы берилет. Ал эми март айынын айлыгы апрель айынын 15ине чейин эсептелинип, төлөнөт", - деп билдирди "Жалал-Абад Электр" ишканасынын маалымат катчысы Жыпариза Уметалиева.
Маалымат катчынын айтымында, кызматкерлердин январь айынын айлык акысын ала электиги тууралуу маалымат жалган. "Январь айынын айлыгын кызматкерлер февраль айында алышкан", - дейт Уметалиева.