Орусиянын Москва шаарындагы үйлөрдүн биринин 8-кабатындагы балконунан К.Мамытов аттуу 24 жаштагы Кыргыз жараны кулап каза болду. Кырсык 24-март күнү болгон.
Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов маркумдун сөөгү 25-мартта Кыргыз жерине жиберилгенин кабарлады. Маалым болгондой, К.Мамытов Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун тургуну болгон.
Сөөктү жиберүүгө керектелген чыгым маркумдун Орусиядагы жакын туугандары, достору тарабынан чогултулган.