Жалал-Абадда колуна чынжыр байланган кыз апасы менен жолугушуудан баш тартууда

Жалал-Абадда колуна чынжыр байланган кыз апасы менен жолугушуудан баш тартууда. Буга чейин апасы тарабынан ал клей жыттап, ичимдик ичип жүргөн деген маалыматтар текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызмат көрсөтүү кызматынын башчысы Назира Жакыпова билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда кыз калыбына келтирүү борборунда окуусун улантууда.

"Бул окуя боюнча учурда тергөө амалдары аягына чыга элек. Буга чейин кыздын апасы аны менен жолугууга аракеттенген, бирок кыз ага каршылыгын көрсөтүп, жолугушуудан баш тартты. Апасы жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде өспүрүм жаман жолго түшүп, ичимдик ичип, клей жыттаган деген маалыматтар текшерилүүдө. Кыз медициналык кароодон өткөрүлүп, дарыгерлер өпкөсүн да текшеришти. Анын жыйынтыктары тиешелүү мекеменин кызматкерлерине өткөрүлүп берилмекчи.

Учурда өспүрүм кыз Жалал-Абад шаардык балдарды калыбына келтирүү "Акжол" борборунда жашап жатат. Тартипке ылайык, ал борбордо 6 ай убакыт болот. Андан сырткары, биздин кызматкерлер кыз менен энесинин мамилесин жакшыртып, экөөнү элдештирүү аракеттерин көрүүдө", - деди Жакыпова.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

19-февралда байпакчан, колуна чынжыр тагылган кыз ыйлап жаткан видео тараган. Кийин кыздын ата-энеси ал 6 айлык кезинде ажырашып кеткени жана аны апасы жалгыз тарбиялап келгени белгилүү болгон. Кийин өспүрүм кыз буга чейин да үйүнөн 2 жолу качып, кайра кайтарылганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aikaaaa
2019-03-27 08:13:55
Аа байкуш энелер, балдарын кантип жаман жолго кыйсын. Жакшы болсо деген эле ою да. Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада деген ушу. Кызы кенен кесири жүргүсү келип атат, переходный возраст
+13
murat17
2019-03-27 09:19:34
Бул кызды атып эле салыш керек бул эне болсо жакшы тарбия Бере албайт балдарына биздин элди теркесири жака буруусу Гана калат
-2
aliya-leyla
2019-03-27 09:41:36
Азыр тооба дей турган эле заман
+5
karona12
2019-03-27 11:56:17
Энеси жалгыз иштеп башып атса ага жардам бергендин ордуна темселеп кочодо журот,жолукпаса жоголсун эненин кадырын кийин билет.
+12
Skarlett-Skarlett
2019-03-27 17:25:30
Коппой ХХХХ,энендин каргышына калба,какшатпа!Кийин окуносун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан