"Бишкектеги Биринчи Май райондук Аскер комиссариатынын сыртында жаштарды патриоттуулукка чакырган жоокерлердин сүрөттөрү илинген. Жанына барып карасаңар, жоокерлердин көкүрөгүндө Казакстан деп жазылып турат. Эмне кыргыз аскерин тартып койсо болбойбу?" - дейт окурман. Ал комиссариаттын жанынан өтүп баратып ушундай баннерге көңүлү бурулганын айтып "ЭЛДИК КАБАРГА" видеосу менен бөлүштү.
"Кыргыз мамлекети жоопкерчилик алган эч ким жоктугунун айынан да өнүкпөй жатабы деген ой келет. Бул да катардагы жоопкерчиликсиздиктин белгиси. Аталган райондук комиссариат жаштарды патриоттуулукка үндөө максатында кеңсесинин сыртына аскерлердин баннерлерин илген экен. Жакын барып карасаңар аскерлердин көкүрөгүндө Казакстан деп жазылган жана башка атрибуттары түшүрүлгөн. Казактардын бир парадынан тартылган сүрөттү интернеттен көчүрүп алып эле баннерге түшүрүп койгону көрүнүп турат. Ага деле миңдеген сомдук каражаттын сметасын түзүп алып каражат коротуп чыгарышса керек. Ошого жараша жакшынакай кыргыз аскерлерин өзүбүздүн форма менен эле фотосессия кылып тартып, чыгарып коюшпайт беле?" - дейт окурман.
Ал видео 24-мартта тартылганын айтат. Ушундай майда шалаакылыктан баары башталат деп кошумчалады окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.