Бүгүн 26-июлда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 6 айда аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болду. Бул туурасында өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков билдирди. Маалыматка ылайык, ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусубали Торомаматов, бардык район-шаарлардын аким, мэрлери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле облустук, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Жыйында биринчи жарым жылдыкта өнөр жай, айыл чарба, кичи жана орто бизнести өркүндөтүү, бюджет жана каражат, облустун экономика тармактарын жана калкын электр, жылуулук энергиялары, жаратылыш газы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана башка тармактардагы аткарылган иштер угузулду. Ошондой эле экинчи жарым жылдыкка милдеттер Жусубали Торомаматов тарабынан угузулду. "Эл ишенип шайлаган соң ак кызмат өтөйлү. Биринчи жарым жылдыкты жаман эмес көрсөткүч менен жыйынтыктадык, кемчиликтер да, жетишкендиктер да болду",- деди ал.