Оштун Кара-Суу районундагы айылдардын биринде өз баласынан запкы көргөн, жашы 80ге чамалап калган эне карылар үйүнө жайгаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына байланышканыбызда маалымдашты.
Башкармалыктын жетекчиси Куттубек Абдуллаев эненин уулу аны үйүнө кайтарып алуу үчүн башкармалыкка кайрылып жатканын белгиледи. Бирок социалдык кызматкерлер эне жашаган үй-бүлөнүн шарты менен таанышкан жана жабырлануучунун өзүнүн каалоосун угушканда, ал карылар үйүнө барууну туура көрүп жатканын айткан.
"Анын 4 баласы бар, 2 эркек, 2 кыз. Улуу баласы Ооган согушунун ардагери, ден соолугуна байланыштуу жашоо-шарты жакшы эмес. Ал эми кичүүсү, энесин сабады делген жаран буга чейин 4 жолу үйлөнүп, ажырашып кеткен. Үйүндө экөө эле жашашчу. Баласы ичип алып энесине кол көтөргөн. Ал көп ичет.
Бир кызы Жалал-Абадга турмушка чыгып, ошол жакта жашайт, экинчи кызы турмушунан ажырашып Орусияда. Эне өзү кыздарына кабар берүүнү каалабайт. Айтымында, кыздары өздөрү араң тиричилик кылып жүргөндө алардын турмушуна күч салгысы келбейт. Кичүүсү Орусиядан жакында эле келип кеткен.
Биздин кызматкерлер эне жардам алып жаткан "Ак жүрөк" реабилитациялык борбору менен тыгыз иш алып барууда. Өзү "карылар үйүнө эле жайгаштырып койгула" деп баласына жан үрөп жаткан чагы. "Балам ичип алып ушундай кадамга барды, болбосо минтпейт эле" деп жатат. Бирок баласына кайтып барууну каалабайт. Эми энени кайда жайгаштырууну комиссия карап чыгып чечет. Баласынын апасын кайтарып алуу аракети, ага коюлуп жаткан айыптан качуу экендиги байкалууда. Апасы 6 миң сом пенсия алат, балким, өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп жатат. Ал апасына кол көтөрбөй калат деген кепилдик жок болгондуктан карылар үйү эне үчүн коопсуз болот", - деди Куттубек Абдуллаев.
Жабыркаган улгайган аял менен жолугушуп келген, атын атагысы келбеген аял эне ушул күндө да үйдө кол өнөрчүлүк менен алектенерин айтты. Жабырлануучу көп жылдардан бери айылдагы жана коңшу айылдардагы кыздарга сеп даярдап, тиричилик кылып келген.
Окуянын чоо-жайы:
Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборуна жашы 80ге таяп калган эне алып келинген. Ал борбордо психологиялык, медициналык социалдык жардам алып жатат. Аталган мекеменин директору "эне бул баласынын биринчи жолу кол көтөрүп жаткандыгы эместигин айтты" деген. Ал эми Ош ОИИБи ал көчөдө ыйлап жүргөн жеринен милиция кызматкерлери көрүп, борборго алып келгенин маалымдаган. Факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинин негизинде (үй-бүлөлүк зомбулук) иш козголгон. Ушул жылдын башында күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык, мындай учурда айыпталуучуга 40 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып салынат же 6 айдан 1 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.