Чаткалда ок жеп каза болгон маркум айдоочунун апасы: "Өзүн "рэкет" сезген адамдар бейкүнөө баламды атып салышты"

Быйыл 10-январга караган түнү саат 03:00 чамасында Чаткал районунун Терек-Сай айылында жүк ташыган унааны айдап бара жаткан Улан Койчиев белгисиз жаран тарабынан ок жеп каза болгон. Ал эми бул окуяга шектүү катары Аскат Э. уулу кармалган. Маркум Улан Койчиевдин апасы Сабира Мусаева SUPER.KG порталына байланышка чыгып, уулунун өлүмү тыкыр иликтенбей жатканын айтып берди.

Мусаеванын айтымында, уулу акыркы 3 жылдан бери жүк ташыган унаа айдап алыс жерлерге ар кандай жүктөрдү жеткирип иштеп келген. Ал кырсык болгон күнү дагы Чаткал районуна экскаватор жеткирип бара жаткан. Ошондой эле уулу айдаган унааны ал күнү дагы 4 адам кезектешип айдап бара жатышкан.

"Балам узак жолго жүк ташып барган сайын жолдо өздөрүн "рэкет" сезген адамдар тосуп, аларга акча берип өтүп турушчу. Бул маалыматты уулум каза болгондон кийин жанында чогуу иштегендери айтышты. Аларды дагы адаттагыдай эле ошол күнү жолдо адамдар эки жолу токтотуп, акча берип өтүшкөн. Бирок ошол жолдон тоскон адамдардын 5-6сы уулумдун унаасы 8 километр алыс кетип калса дагы артынан кууп келип мылтык менен балдарды коркутушкан. Аларга арак ичесиңерби деп кыйнап, унаадагы эки айдоочуну сүйрөп түшүп сабашат. Ал учурда балам унаада отурган экен. Анан эле мылтык атылат. Аны уккан балам сыртка чыкканда ага карай ок атылып, ок Уландын бөйрөк тушка тийип, ошол замат жанын алган. Ал эми ошол убакта укук коргоо органдары баламдын өлүмүн жол талашкан айдоочулар деп берип койгон. Бирок эч кандай жол талашпай эле акча талап кылгандар өлтүрүп салышпадыбы.

Балам каза болгондон кийин анын күйүтү менен жүрсөк иш тергелип бүтүп, соту Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда болот деп айтышты. Биз өзүбүз Бишкек шаарында жашасак, кантип жердин түбүнө жетмек элек? Анан жактоочубуз аркылуу Жалал-Абад ОИИБине арызданып жатып, сотту Жалал-Абад шаарына котордук. Эми 3 күн мурун сот кайра Чаткал районуна которулуптур. Биздин ар бир сот сайын шаардан Чаткалга бара турган чамабыз жок да.

Учурда камакта 2 адам отурат. Бири мылтык аткан, бири балдарды сабаган. Биз балабыздын өлүмү акыйкат тергелип, күнөөлүүлөр жазасын алса дегенди эле көздөп жатабыз", - дейт Мусаева.

Маркумдун артында 2 уулу калды.

SUPER.KG порталы жогоруда сөз болгон тараптын да пикирин жарыялоого даяр

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Suzak12
2019-03-27 11:49:04
Биздин Кыргызстан криминальный мамлекет болуп калды окшойт качан токтойт бул нерсе урматуу С Жээнбеков!!!
+1
elchi84
2019-03-27 12:30:03
Баардыгы кыйын азыр кочого чыксан.
+1
Feiza1982
2019-03-27 18:21:12
Кудайым өзү жазаласын андай эшектерда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан