Орусиялык журналист Кыргыз тараптын Владимир Путиндин келишине карата журналисттерге түзгөн шартын сынга алды

"Комсомольская правда" гезитинин журналисти Дмитрий Смирнов Кыргыз тараптын Орусия президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарына карата журналисттерге түзгөн шартын сынга алды.

Журналист өзүнүн Телеграм каналына тараткан билдирүүсүнө караганда, мурдагы СССРге мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин резиденциясынын ичинен "Ала-Арча" резиденциясында журналисттер үчүн шарт дээрлик жокко эсе. Анын белгилешинче, интернеттин ылдамдыгы жай жана журналисттерге берген бутерброддорду, чайды билдирүү жасай турган залга кирип бара жаткан имараттын киреберишине коюп койгон. Андан сырткары, жада калса журналисттер үчүн делген даараткана дагы коопсуздук үчүн жолу жабылып турган коңшу имаратта жайгашканын белгилеген.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз жерине мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Сапардын алкагында кызматташуу, ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстер жана эл аралык маселелер талкууланары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2019-03-26 23:14:24
Шарты жакпаса келбе! Сени бироо колундан жетелеп келдиби.
+3
nurbek1995
2019-03-27 03:55:31
О
0
sabirdinovich
2019-03-27 07:36:08
Корксоң ажатканага барбай эле кой да
+2
Tolkun555
2019-03-27 07:48:04
Мунун ою кайсы жерден жеп,кайсы жерге ХХХХХ эле окшойт.
+2
interpol
2019-03-27 08:18:10
Мүмкүн туура эле айтып аткандыр
+2
Dembele84
2019-03-27 09:50:30
Бул айтып жатканы элементарный эле нерселер да,мамлекет башчылары жолугушуп ошончо адам келип атса даярданыш керек болчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан