"Арча демилгеси" коомдук фондунун директору Дмитрий Ветошкин шаардыктарды Бишкектеги ботаникалык бактагы дарактарды кыюудан сактап калууга чакырды. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
Ветошкин бак-дарактарды кыюу улантылып жатканын айтып, балта ботаникалык бакта турганын эскертти. "Ботаникалык бак корголуучу табигый аймак болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Коргоо тууралуу статусту алып салуу боюнча жоопкерчиликти ким алат? Ким бул үчүн кылмыш жоопкерчилигин тартканга даяр? Ботаникалык бакты чогуу сактап калалы. Бүгүн, 27-мартта саат 9:30да аталган маселени талкуулоо үчүн Бишкек шаарындагы Кара-Көл көчөсүнө келиңиздер", - деп Ветошкин шаардыктарга кайрылды.
Ботаникалык бак 1938-жылы негизделип, учурдагы аянты 150 гектар. Ал өзгөчө корголуучу аймак статусуна ээ.