26-июлда Москвада Кыргызстандын аймагына жаратылыш газын жеткирүү жана бөлүштүрүү боюнча орус-кыргыз өкмөттөрү ортосундагы макулдашууга кол коюлду. Документке КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев менен Орусия Федерациясынын Энергетика министри Александр Новак кол койду. Макулдашууга кол коюу иш-чарасына "Кыргызгаз" ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев, КРнын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов да катышты. "Кыргызгаз" бардык активдери менен кошо (газ түтүктөрү, газ бөлүштүрүүчү станциялар жана башкалар) "Газпромго" 1 долларга сатылды. Эми бул документти Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Мамлекеттик Думасы ратификациялашы керек. Министр Артыкбаевдин айтымында, бул процесс ийгиликтүү ишке ашат. Макулдашуу ратификацияланган соң "Газпром" Кыргызстанга газ жеткирүү иштерин баштайт. Мындан сырткары КРнын газ берүү системинде бир катар оңдоп-түзөө иштери жасалмакчы. Ошондой эле бул макулдашууга ылайык, аталган орусиялык компания 5 жылдын ичинде КРнын газ тармагындагы инфраструктураны жакшыртуу максатында 20 миллиард рубль инвестиция салууну кепилдөөдө. Айта кетсек, "Кыргызгаздын" карыздары да Орусиянын моюнуна жүктөлөт.