Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргыз жерине жасай турган мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек шаарынын негизги көчөлөрү менен Чүй облусунун айрым жолдору 27-28-март күндөрү маал-маалы менен жабылып турат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаа ээлерине транспорт каттамдарын алдын ала пландаштыруу керектигин эскертүүдө. Бирок ошол эле учурда кайсы көчө жана ал канча убакытка жабыла турганы азырынча белгисиз болууда. Башкармалыктын басма сөз кызматы кайсы көчө канча убакытка жабыла турганы боюнча маалымат учурда иштелип жатканын кабарлады.