Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бишкек ШИИББи каза болгон адамдын аты-жөнүн аныктоого жана жакындарын табууга жардам сурайт.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 10-март күнү Бишкектеги Фере көчөсүнөн табылган. Маркумдун кебетеси азиялык болгон, жашы болжол менен 55-60 чамасында.
Өзгөчө белгилери: арык чырай, чачы ак баскан, бою 170 сантиметр, сакал-муруту бар.
Кийип жүргөн кийимдери: боз түстөгү свитер, кара жынсы шым, бутунда көлөч.
Шаардык милиция сүрөттөгү адамды таанып-билгендер болсо, анын ким экендигин жана жакындарын табууга жардам сурайт.
Байланыш телефондору: 0 553 10 25 66; 0 552 10 27 43; 0 702 49 88 88.