ЭЛДИК КАБАР: "Дыйкандар күйдү! Картошка 5 сом, алма 10 сом, баары чирип жатат" дейт окурман

Быйыл дыйкандар бардык жагынан күйдү. Эмне айдабайлы, баары жумшалган эмгекти актаган жок, чекесинен чирип, сата албай чыгым тарттык. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Мен Ноокат районунан болом. Бизде картошканын килограммы 5 сом, алманыкы 10 сом болуп жатат. Дыйканчылык өзүн актабай, быйыл эмне айдабайлы, пайда алып келгендин ордуна зыян тарттырды. Дыйкандардын өндүргөнүн сатууга көмөк көрсөтүүнүн үстүнөн иштеген бирөө-жарым барбы? Ишенген адамдарыбыз Тиматинин кара бургеринде жүрүшөт дейби?

Менин айдаган картошкам менен алмам чирип жатат. Бул жалгыз эле менин эмес, бүткүл өлкөдөгү дыйкандардын көйгөйү", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
ruslanz
2019-03-27 20:09:13
Атамбаев "тамож.союзга кирсек жыргайбыз.Эт,картошка ж.б кымбат сатасынар" деп ишендирди эле. Тескерисинче болдуго.Негизи эле Атамбаевдин през-т болуп келгени чон жанылыштык болгон.Анын кесепеттерин копко чейин тартабыз.
+13
Aikaaaa
2019-03-27 23:05:36
ruslanz, былтыр кымбат эле болгон
0
rejepova
2019-03-27 20:10:32
Эх,биз Москвада торт даана алманы 68 руб алып жатабыз
+6
Aktilek2
2019-03-27 20:12:09
Алманы картошканы москвага апкелсе жакшы болмок, картошка начарлары 30рубль алма начары 60рубльдан алышат
+5
aiba.8327
2019-03-27 20:16:23
Базар да кымбат эле болуп жатат го ээ
-1
Flowhive
2019-03-27 21:55:03
aiba.8327, дыйкан болбосоң жазбай эле койгулачы сураныч.
-1
Muratmipa
2019-03-28 12:00:51
Flowhive,Алманы 10 сом деп айткан менен алган адам жок бирок базарда 25 сомдон сатып олтурат
0
prilichna9
2019-03-27 21:22:10
дыйкандарга кыйын болуп жатат куйуучу майлар кымбат он беш сомго кымбат болуп жатат деп кыйкырып жаткан депутаттар очту дыйкандарга жардам ким берет
+2
Eli.91
2019-03-27 22:11:59
Чын эле бечара дыйкандарга эле кыйын болду.Сатуучуга арзан алуучуга кымбат экоонун деле айткандары туура.Мисалы менда картошка пиязды сатып алып жейм,былтыры картошка кымбат болгон 35 клограм картошка эле 1000 сомго жетип алып жеп атканбыз,быйыл картошка арзан болду жыргап эле картошканы кенен жеп онуп калдык.Мен коп эле кымбат болсун дебейм,коп эле арзандагы болсун дебеймин.Акчасы элдин чонтогуно жараша болсо жакшы элда ыраазы дыйкандарда ыраазы болмок.
+6
Jasa
2019-03-27 22:49:56
Апам 5 сомдон саттык алманы дейт ыйлагысы келип,дарыга кеткен акчасы чыкбаптыр
+3
tina-Tin
2019-03-27 23:20:41
биздин алмалар да ошол бойдон турат. Базарда 5 10 сом. мал жеп жатат. дыйкандардын эмгеги куйду.
+1
jaskaaa
2019-03-28 05:21:18
Базарда алманын 40 -50 сом болуп жаттат гоо. Демек алып сатарлар жыргап жаттат
0
Muratmipa
2019-03-28 12:03:58
jaskaaa,ошону айтсан
0
Pamirlan
2019-03-28 10:17:57
Байкуш элим, мындан коро бала чакасын таштап болсо да Россияга кетели дешет да айла жок, мээнетти актабаптыр
0
karona12
2019-03-28 18:23:22
Картошка 5 сом болсо эмнеге базарда мындай арзан баа жок? мен быйыл 5сомдон картошка алып коргон жокмун,чондорго ишенип чиритпей арзаныраак берсенер отуп кетмек,чиригенден коро.
0
Parish
2019-04-02 21:42:20
Чаткалга алып келгиле алманы 25 сомдон алышып атат. Картошканы 15 сомдон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан