Жогорку Кеңештин делегациясы Кытайда гидроэнергетика, унаа жолдорун куруу долбоорлору боюнча бир нече жолугушууларды өткөрдү
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева баштаган депутаттык делегация Кытайга болгон иш сапары учурунда парламенттер аралык кызматташтыкты өркүндөтүү максатында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Делегация Кытайдын Эл өкүлдөр жыйынынын катчылыгынын төрагасынын орун басары Аликен Эминбасе жана Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Ван Цзяжуй менен жолугушту. Жолугушууларда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы парламенттик кызматташтык жана партиялар ортосундагы мамилелер жөнүндө сөз болду. Делегация Кытайдын "China road" жана "Годьен" мамлекеттик компанияларынын иш-аракеттери менен да таанышты. Эки тараптуу жолугушуулар учурунда Кыргызстанда гидроэнергетика, унаа жолдорун куруу сыяктуу бир катар экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жолдору талкууланды.