Бишкектин Ак-Тилек конушунда 70-80 ден ашык мектеп окуучулары эки топ болуп мушташып, бири-бирине таш ыргытып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күбө билдирди.
Маалыматка ылайык, мушташ саат 18:30да башталган.
"Конушта канал бар. Ошол жактан экиге бөлүнгөн балдар келип мушташып башташты. Алардын арасынан 2 бала катуу токмок жеп, учурда калганы ар кайсыл жакка тарап кетишти. Ал эми сабалган экөө бети-башы кан болуп азыр турушат. Бирок бул жактагылар милицияга кабар берилди деп айтышууда. Балдар тарагандай болушту, бирок башка жакка барып да мушташы мүмкүн деди", - окуянын күбөсү.
Күбөнүн айтымында уруш 2 мектеп арасында жана мушташкандар мектеп окуучулары болушу мүмкүн.