ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузган айдоочулардын айып пулу алынбай жатат деген маалыматты четке какты. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаевдин билдиришинче, болгону "K-Pay" системиндеги серверде техникалык иштер жүрүп жатат.
"Мындан улам төлөмдөрдү кабыл алуу убактылуу токтоп калбашы үчүн же түшүнүксүз кырдаал жаралбашын алдын алып, ИИМдин Маалымат технологиялар башкы башкармалыгы "Кыргыз почтасына" маалым кат жиберген. Ал катта серверде программа жаңыланып жаткандыктан төлөм кабыл алынбай калышы мүмкүн, ошол учурда кагаз түрүндө кабыл алып туруу сунушу берилген. Мунун "Коопсуз шаарга" эч кандай тиешеси жок. "Коопсуз шаар" буга чейин кандай иштеп келсе, ошондой эле иштеп жатат.
Бишкек шаарынан сырткары облус, райондордо эреже бузгандар "Кыргыз почтасы" аркылуу төлөм жүргүзүшөт. Ошолордо гана бир аз мүмкүнчүлүк чектелип калышы мүмкүн, болбосо баары жакшы", - деди Исаев.