12 жыл таза суусу жок жашап келген айылга суу чыгарууга себепчи болгон тургун "Прецедент 2018" сыйлыгына ээ болуп, Чехияга жолдомо алды

Бүгүн, 27-мартта Бишкекте "Прецедент 2018" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Аталган сыйлык быйыл 3-номинантка берилди. 2016-жылы адамдык баалуу сапаттарды сактап калуу менен элге үлгү боло ала турган эмгекти жасаган адамдын мээнетин даңазалоо максатында "Прецедент" сыйлыгы уюшулган.

Бүгүн мындай сыйлыкка Ысык-Көл облусундагы Чырак айылынын жашоочусу татыктуу деп табылганы белгилүү болду. Ал Советтер Союзу урагандан кийин таза суусуз жашап жаткан айылдаштарынын бул көйгөйүнүн чечилиши үчүн чоң эмгек жасаган. Тактап айтканда сыйлык ээси Имаш Азарбаевдин зор эмгегинин артында, 2014-жылы айылдын эли таза суу менен толук камсыз болгон.

"2003-жылы өлкөдө таза суу программасы жарыяланып мен биздин айылды бул программага киргизүү аракетин көрдүм. Бирок бир катар жумуштарды айыл эли өздөрү жасашы керек болчу, скважинаны тазалоо, насос орнотуу, суу системин бириктирген жерге мунара орнотуу сындуу жумуштарды айылдыктар ынтымактуу түрдө жасап кетишти. Өкмөттү күтүп отурбай, өзүбүз жеңди түрүп кириштик. Таза суу киргизгенден кийин айылдын ынтымагы бекемдеп көп иштерди биргиликте чечүү мүмкүн экенине көздөрү жетип калышты. Ошентип 2014-жылдын декабрь айында буга чейин чоң көйгөй болуп келген маселени чечип алдык", - дейт ал.

Чырактык жашоочулардын бири ошол учурда ичүүчү таза сууну чыгарууга ар бир үй-бүлөдөн 125 сомдон чогултат экен деген кепти угуп, көп деле ишене беришпегендигин бирок мунун арты менен жашоосунун эң маанилүү ордун ээлеген таза суу маселеси толук чечилип калганына кубанычта экенин айтат.

Сыйлык тапшыруунун алдында Чырак айылы, жашоочуларынын биримдиги, ага суу киргизүү аракеттери камтылган кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү. Андан соң комитет мүчөсү Рита Карасартова сыйлык ээсине сертификат тапшырды. Сертификат менен кошо сыйлыктын атайын төш белгиси ыйгарылды. Эң башкысы ага энергетиканын эффективдүүлүгүнүн технологиялары багытында бир айга тажрыйба алмашууга Чехияга жолдомо берилди.

Азарбаев SUPER.KG'ге бул сыйлыкка татыйм деп такыр ойлобогондугун, айыл эли үчүн гана аракеттенгенин билдирип, көрсөтүлүп жаткан сыйга кубанганын жашырган жок.

Белгилей кетсек, комитет мүчөлөрү - Динара Ошурахунова, Нурбек Токтакунов, Бурул Макенбаева, Сардар Багышбеков, Эркин Убушева, Рита Карасартова. Мындан тышкары бул сыйлык ээси да жыл сайын комитетке кошулуп турат.

"Прецедент - адамдын, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жасалган эмгектер, окуялар. Комитет мүчөлөрү чоң эмгекти жасап, бирок анын эмгеги көмүскөдө калган адамдардын мээнетин даңазалоо максатында, колдоо үчүн ушул ишти уюштурган. Сыйлыктын комитети ушундай талаптарга жооп берген адамды тандап, ага ыйгарат. Сыйлык алган адамдын иши көпчүлүккө үлгү болушу керек", - деди "Прецедент" сыйлыгынын комиетинин мүчөсү Рита Карасартова.

Ошондой эле ал санарипти өнүктүрүү үчүн талыкпай эмгек кылып, өзүнүн өзгөчө ыкмасы менен айыл элинин таза суу менен камсыздалышына себеп болгон адам сыйлыкка тандалганын кошумчалады. Иш-чарага бир катар активисттер, саясатчылар, айыл өкмөт башчылары келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2019-03-27 22:08:33
Азаматсыз,коп жашаныз!
Сиздей эли-жерин суйгон,кызмат кылган патриот инсандар арбый берсин!
+1
jigit.paren
2019-03-28 00:09:52
Мен Чырактыкмын деп мактанам Имаш ава азаматсыз, биздин айыл менен мактанып кетсек жарашат, жакында эле Тайландка кумда ойнолуучу футбол боюнча Кыргызстан курама командасында төрт жигитибиз Тренер Камчы ава барып келишти, Арстанбек Турсунов деген оюнчубуз да футзал боюнча Кыргызстан курама командасында күчтүү оюнчулардын бири. Чырак эли бүт Кыргызстанга үлгү болуп мекенибиздеги ар бир айыл өнүгүп өсүшүн тилейм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан