Кечээ, 27-мартта Бишкек шаарында Кыргыз-Орус жогорку окуу жайларын ректорлорунун "Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү - келечекке инвестиция" биринчи форуму өттү.
Социалдык түйүндөрдө форумдагы ката жазуу сынга кабылды. Анда билим берүү тууралуу талкуулаган форумда ката жазуу уят экени жана бул үчүн уюштуруучуларды жоопко тартуу керектиги айтылды.
Форумдун максаты - эки тараптуу илимий-билим берүү кызматташуусун кеңейтүү. Иш-чарага Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, агартуу министри Ольга Васильева, ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий жана башкалар катышты.
Кыргыз тараптан президент Сооронбай Жээнбеков, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 30дан ашуун ректорлор катышууда.