Бүгүн, 28-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик иш сапары менен Кыргыз өлкөсүнө келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, расмий жолугушуу аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот. Кыргыз-Орус мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.