Улуттук статистика комитети: Кыргызстандыктардын көпчүлүгү башка шаарларга салыштырмалуу Ош шаардык мэриясына көбүрөөк ишенет

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2013-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын калкынын 60 пайызга жакыны Ош шаардык мэриясынын жетекчилигине ишенет. "Калктын ишеним индекси" (калктын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине карата мамилесин чагылдырган коомчулуктун жалпы маанайын өзгөртүү динамикасынын жалпыланган көрсөткүчү) боюнча Ош мэриясына кыргызстандыктардын 55,6 пайызы ишенет. Ал эми Бишкекке калктын 14,8 пайызы ишенет. Башка шаарлар жана облустар арасында муниципалдык мекемелерге калктын ишеними 16,1 пайыздын тегерегинде болгон. 2012-жылы да Ош шаары "калктын ишеним индекси" боюнча 59,9 пайыз менен биринчи орунду алганын билдирет Улуттук статистика комитети. 

 

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан