Кыргыз мамлекетиндеги Орусиянын элчилигинин алдында Путинге каршы пикетке чыккан активист Карымшаков аялы менен бирге эки айга камалышы мүмкүн

Кечээ, 27-мартта активист Нурлан Карымшаков аялы менен бирге Кыргыз мамлекетиндеги Орусиянын элчилигинин алдында Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы митингге чыккан. Аларды Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери кармап кеткенин укук коргоочу Рита Карасартова SUPER.KG'ге тастыктады.

Карасартованын айтуусунда, Карымшаковдун колундагы плакаттарда "Путин - оккупант, агрессор" деген жазуулар болгон.

"Карымшаковду аялы экөөнү тең Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап кетишиптир. Алардын колундагы плакаттарды экспертизага беришип, биздин "дежур" эксперттер 5 мүнөттө "улут аралык кастыкты жаратуучу чакырыктар бар" деген корутунду чыгарып беришти. "Оккупант" деген сөздү "улут аралык кастыкты жаратуу" деп коюшуптур.

Ошондой эле милиция кызматкерлери кечээ кечинде Карымшаковдун үйүн тинтүүгө алышкан. Бирок эч нерсе тапкан жок. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Жазык кодексинин 313-беренеси "Улут аралык кастыкты козутуу" тууралуу айыптоо корутундусун чыгарып берди. Эми эки күндүн ичинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Карымшаков менен аялынын баш коргоо чарасы боюнча эки айга камоо тууралуу ишти карайт. Аларды камоого эч кандай негиз жок. Бирок бийлик бүгүнкү күндө өз билгенин кылат. Ал эми соттор бийликке көз каранды, өз алдынча чечим чыгара алышпайт", - деди Карасартова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
taalay25
2019-03-28 10:28:10
Ал жака чыкканга эмне туртку болду, максаты эмне, аныктап коруш керек да. Мумкун ал дагы НПО никтир
+9
elchi84
2019-03-28 10:33:43
Ушул НПОлор Квргызстанды келечегин бузат экенда ал карасан гейлерди колдоп булар элди ойлошпойт чонтогун ойлошот.
+10
aliya-leyla
2019-03-28 10:44:43
Карасартова вообще жакпай калды. Омбудсмен болбой калганына шугур
+9
newman
2019-03-28 10:46:12
Ал жакка чыккан максаты Европа же АКШдан саясий башпаанек алуу.
+11
Simels
2019-03-28 11:20:06
Камашсын! Путин аларга Эмне кылыптыр. Анын Кыргызстан га пайдасы эле тийип жатат
+7
Rusi79
2019-03-28 11:43:56
"Активист" дешип тимеле,эл бузар дейт андай адамдарды.
+10
NURSAPAR
2019-03-28 12:05:55
НПОшник жугундукор го чамасы, тузун ичип туз баштыгына түкүргөндөр. Россияда канчалаган мекендештер көр тиричилик деп нан таап жүрүшөт.
+7
arlekino
2019-03-28 12:27:22
Ололбай жатып,олон айтат деген ушул. Бир кылмыш кылган неме учун канча кыргыз куурап жатат якутта,ушундай "олончулор"тыйылбай койду го. Кудайга шугур айтпастан.
+7
grace
2019-03-28 12:52:47
Эмне үчүн кыргызды кордогон якуттарды карабайт?
Бошотулсун кыргыздар! Ар бир адам өз оюн билдиргенге акысы бар!
0
Дарыгер
2019-03-28 13:04:13
grace, сен дагы НПОсунбунбу )))
+2
Skarlett-Skarlett
2019-03-28 15:00:34
Карымшаков,кысып эле журсон.Путин болбосо биз минтип Россияда чалчактап журбойт болчубуз
+3
asash
2019-03-28 16:19:39
Кармышаков сени алып барып батыш Украинага жашатыш керек болчу, ошондо Путин ака жардам берип куткар десен керек эле, сен кимдин ким экенин билип анан чыкпайсынбы, Рахмат орустарга,канчалаган мекендештерибиз уй булоосун багып жатышат, булардын душасы кенири кудайым буларга дагы да бере берет,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан