Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров үйүнө ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери келип, андан бүгүн акцияга чыгарын же чыкпасын тактап кетишкенин SUPER.KG'ге тастыктады. Айтымында, ИИМдин өкүлдөрү активисттин өзү менен сүйлөшүп, бүгүн акцияга чыгар-чыкпасын билүү максатында келишкенин түшүндүргөн. Токтонасыров бүгүн эч кандай акцияга чыгуу планында жок экенин белгиледи.
"Владимир Путин аэропортко келген маалда, саат 7:30 чамасында уктап жатсам үйгө ИИМдин 10-башкармалыгынан эки жигит келиптир. Байке, учурашалы деп эле келип калдык, бүгүн акцияга чыгасызбы? Билип коёлу дегенбиз дешти. Таң калдым, булар эмне акцияга чыгып жүргөндөрдөн алдын-ала кабар алып калды беле? Же мен коркунуч туудура турган кылмышкер болбосом. Кайсы маалда чыгам, кандай максатты көздөйм - жеке ишим. Конституциялык укугумдан пайдаланып, өз оюмду эркин айтууга болот да. Баскан-турганымдан өйдө минтип саресеп салып турушканы болбойт го. Мындай жат көрүнүш демократиялык өлкөгө кедергисин тийгизет. Телефон номурумду сурашат, мындай эле тааныш болуп жүрөлү деп жылуу-жумшак коштошуп кала бердим", - деп жазган өз билдирүүсүндө Токтонасыров.
Кечээ, 27-мартта активист Нурлан Карымшаков аялы менен бирге орус элчилигинин алдында Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы митингге чыкканы үчүн милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Алардын үйүндө тинтүү болуп, Жазык кодексинин 313-беренеси (Улут аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгон. Карымшаковдун колундагы плакаттарда "Путин-оккупант, агрессор" деген жазуулар болгону маалым.