Апрель айы келерине 3 күн бар. Март айында эле жол эрежелерин буздуң деген билдирүү менен айып пулдар келе баштады. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Бүгүн, 28-март. Өзүңүздөр көргөндөй жол эрежесин бузгандык боюнча мага билдирүү келиптир. Билдирүүдө эреже бузулган дарек жана датасы турат. Бир билдирүүдө 5-апрель, 2019-жыл, биринде 15-апрель, 2019-жыл деп сааты менен жазылып келиптир. Өкмөт мыйзам чыгаруу же кодекстерди киргизүүдөн мурун катачылыктарына чейин тыкыр иштеп чыгып анан күчүнө киргизбейби?! Мындай ката билдирүүлөрдөн соң, эреже бузбаган айдоочулар деле тиркемеден өзүн текшерсе айып пул чектеле береби деген суроо жаралат. Эми бул катачылыкты кандай кылып оңдотом?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.