Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.
"Мен жашоомдо жалаң гана жакшылык кылгым келчү. Бирок жакшылыгым айланып келип өз башыма муш болорун ойлонбопмун. Күйөөм экөөбүз сүйүшүп жүрүп баш кошконбуз. 4 жыл жашап, бирок балалуу боло албай жүрдүк. Базарда иштеп, бир топ эле бутубузга туруп калдык. Ошол күндөрдүн биринде бир тууган эжемдин кызы күйөөсү менен ажырашып үйүнө келгенин уктум. Эжемди аяганымдан “мага жибер, өз кийимин, ичкен-жегенин тапсын” деп жаныма чакырып алдым.
Билбейм, кайсы учурда, кайсы маалда күйөөм менен сиңдимдин ымаласы келишип калганын. Мындай болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.
Бир күнү күйөөм “Назира, сен базарда иштей бер. Мен талаага чыгып, сезондо жер иштетейин. Ал үчүн мага 30 миң сом керек” деген сунушун айтып, акча сурап калды.
Өз алдынча эч иш кылып көрбөгөн күйөөмдүн жер иштетейин дегенине сүйүнүп, сураган акчасын колуна карматып, кийим-кечесин салып узатып кала бердим. Сиңдим да “жумуш таптым” деп батирге чыгып кетти.
Көрсө, экөө мен берген акчага бизге жакын эле жерге батирге чыгышкан экен. Мен алардын бул жоругун билбей жүрө берипмин"...
Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.