Ары түртүлүп, бери түртүлүп... Шаардыктардын селсаяктардын жоругуна болгон нааразычылыгына Бишкек мэриясы эмне дейт?

Борбор калаада күн жылыган сайын көчөлөрдө, өзгөчө таштанды таштоочу контейнерлердин айланасын "менчиктештирип" алган селсаяктар көбөйөт. Катуу суукта туруктуу жашоочу жайы жок адамдар шаардын ар бир районунда жыл сайын ачылуучу убактылуу жайларда баш калкалап жан сакташат. Арасында ызгаар суукта көчөдө калып буту-колун үшүккө алдырып, каза болгондору да жок эмес. Ал эми жаз мезгилинен тарта кеч күзгө чейин алар таштанды таштоочу жайлардын жанында жашап, көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары менен чатакташа кеткен учурлар да катталат.

Дал ушул көйгөй тууралуу Асел Эгенбердиева аттуу шаар тургуну интернетке жазган. Билдирүүдө райондук акимчилик, мэриянын социалдык бөлүмүнө бул маселени көзөмөлгө алып, чечип берүүнү өтүнгөн.

"Турусбеков-Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды салуучу контейнердин айланасы селсаяктардын үйүнө айланып калды. Ошол жерде тамактанышат, спирт ичимдиктерин ичип, сөгүнүп, мушташып, ошол эле жерде дааратканада болчу муктаждыктарын да аткарышат. Мындай көрүнүш ал жерде күн сайын кайталанат. Бул эле эмес, ары-бери өткөн адамдарга тийишип, коомдук тартипти бузушат. Ленин райондук акимчилик, мэриянын социалдык бөлүмүнө бул нерсени көзөмөлгө алууну өтүнөм. Бул жерде жашаган селсаяктардын саны 10го жакын. Балдарыбыз да ошол жерден күн сайын өтөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетовага кайрылып төмөнкү жоопту алдык: "Ал даректеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде селсаяктардын бири жашайт. Анан ага шаардагы селсаяктардын баары барышат экен. Бул көйгөй көп убакыттан бери созулуп келатат. Селсаяктар сиздер айтып жаткан даректи чогулуучу аймак катары белгилеп алышкан. Ал жерден аларды кетирип, тазалоо иштери көп жолу жүргүзүлгөн. Бирок андан жыйынтык чыкпай келет. Бүгүн барып баарын таратып, тазалап кеткенибиз менен кайра эле ошол жерге чогулуп алышат. Аларды милиция кызматкерлери да алып кетип, айрымдары камалып да чыккан.

Шаардын ичинде үй-жайы жоктор үчүн "Коломто" аталышындагы социалдык борбор бар. Ал жерде күнүгө 90 адамга бир маал ысык тамак берилет, жуунуучу жайы бар, тиешелүү медициналык жардам да ала алышат. Бирок селсаяктар катуу ооруп калганда эле айласыздан барышпаса, ал жерде калгысы келбейт. Анан ал жерге кыштын күнү гана баш калкалашат. Кыйналып, катуу ооруп келгендери абалы жакшыргандан кийин кайра качып кетип калышат. Кыштын күнү деле ысык тамак жеп, бири-бири менен мушташып, кийим-кечелерин уурдап да кетишет", - дейт Алманбетова.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Аида Рысбаева бул маселени чечүү үчүн учурда иш-аракеттер көрүлүп жатканын айтат.

"Бүгүнкү күндө туруктуу жашоочу жайы жок адамдар менен борбордогу "Коломто" муниципалдык мекемеси иш алып барат. Бул жайда күнүгө ысык тамак берилет, түшкө маал ал жакта селсаяктар топтолуп калышат. Бирок ал жерге селсаяктар тамак ичүү үчүн гана келишет, тамактангандан кийин кайра тарап кетишет.

Учурда бул маселени чечүү максатында Ички иштер министрлиги, шаардык мэрия жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы биргеликте иш алып барууда. Биз Ички иштер министрлигинин учурда пайдаланылбай турган убактылуу кармоочу жайынын имаратын кеңейтип аны социалдык баш калкалоочу жай кылуу сунушун мэрияга жөнөттүк. Ал жерде селсаяктарды мурунку калыбына келтирүү, социалдаштыруу иштери жүргүзүлөт. Келечекте ал жер селсаяктарды кадимки жашоо образына кайтаруучу жай болуп калат.

Селсаяк болуп жүрүп кайра мурунку калыбына келгендер да жок эмес. Мындай иштерди бүгүнкү күндө айрым өкмөттүк эмес уюмдар жүргүзүп келет", - дейт Рысбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdizhapar
2019-04-06 10:04:12
Супер инфо неге жазган комментарийди очуруп коёсунар
0
Abdizhapar
2019-04-06 10:04:54
Ары түртүлүп, бери түртүлүп... Шаардыктардын селсаяктардын жоругуна болгон нааразычылыгына Бишкек мэриясы эмне дейт? Мына теманы ким тушунду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан