Египет: 27-июлдагы тополоң 120 адамдын өмүрүн алып кетти

Египеттеги "Мусулман бир туугандар" кыймылы 26-июлдан 27сине караган түндөгү баш аламандыкта экс-президент Мурсинин 120 тарапташы өлгөнүн жарыялады. Куралчан аскерлердин демонстранттарга ок атуусунан 4,5 миңдей адам жаракат алганы айтылууда. Башка маалымат булактарында өлгөндөрдүн саны 75, жаракат алгандар миңден ашык экенин айтылууда. Бирок муну Египет бийлиги тастыктай элек. Демонстранттар өлкөнүн экс-президенти Мухаммед Мурсини колдоп чогулушкан болчу. Өлкө бийлиги демонстранттарга, тактап айтканда, "Мусулман бир туугандар" кыймылына мөөнөтүнөн мурда парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүү боюнча иштелип чыккан "жол картасына" 48 сааттын ичинде кошулуу боюнча ультиматум койду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан