Бишкек шаарындагы Опера жана балет театрынын жанына бир түндүн ичинде асфальт төшөлдү. Театр имаратынын эки капталы жана арт жагы толук асфальттанганын көрүүгө болот.
"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын кызматкеринин айтымында, асфальт 28-мартка караган түнү басылган.
"Жумушту кечээ баштаганбыз. Түнү менен иштеп, таңга жуук асфальт төшөлүп бүттү", - деди ишкананын кызматкери.
Ал эми Айбек Садыбакасов аттуу Бишкек шаарынын тургуну мындай ылдамдыкты Орусия президенти Владимир Путиндин келиши менен байланыштырды.
"Өзүм Опера жана балет театрына жакын жерде иштейм. Кечээ кечке жуук жумуштан чыгып бара жатканда асфальт жок эле. Бүгүн эртең менен пайда болуп калыптыр. Бул Владимир Путиндин келишине карата даярдыктын бир бөлүгү окшойт. Орус лидери бат-баттан келип турса жолдорубуз оңдолуп, шаарыбыз көркүнө чыгып калар эле," - дейт шаар тургуну.
Орусия президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен кыргыз жерине бүгүн, 28-мартта келди. Буга чейин анын келишине байланыштуу шаардын борбордук көчөлөрүнө илинген желектер талкуу жараткан.
Улуттук гвардиянын жоокерлери менен кыргыз тилинде учурашкан Путин алгач тар чөйрөдө кыргыз президенти менен, андан соң кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.