Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев 2019-жылы чет элдик жарандарды жумушка кабыл алууга тыюу салган буйрукка кол койду. Тийиштүү буйрук 28-мартта Якутиянын расмий сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, мигранттарга 33 тармакта иштөөсүнө тыюу салынат. Тактап айтканда, айыл чарба, соода, курулуш тармактарына жана коомдук тамактануу жайларына жумушка алынбайт. Ошондой эле мигранттар коомдук транспорт жана такси унаалары менен киши ташый алышпайт.
17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга жергиликтүү тургунду Борбор Азиядан келген 3 адам күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганы тууралуу маалымат түрткү болгон.
Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын ичинен Ж.К. уулу күнөөсүн моюнуна алганын кабарлаган. Андан кийин шектүү шаардык соттун чечими менен камакка алынган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.
Аталган окуядан кийин Кыргыз өлкөсүнүн Миграция кызматынын өкүлдөрү аталган шаарга барып жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп келишкен. Ушул аптанын башында абал турукташып, Кыргыз жарандары кайрадан жумуш ордуларына кайта башташканы кабарланган.
Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны бар болсо, анын 10 миңден ашыгы Саха Республикасынын аймагында иштеп жүрүшөт.