20 жыл мурун жасаган кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн 44 жаштагы Ю.А. аттуу жаран Кадамжай районунан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин басма сөз катчысы Дамира Юсупованын SUPER.KG'ге кабарлашынча, ал Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнүн аймагына аткезчилик жол менен жалпы баасы 720 миң сомдук тамеки алып келе жаткан учурда Ак-Турпак айыл аймагынын Бүргөндү айылынан колго түштү.
Маалым болгондой, ал 1999-жылы уурулук жасап, кылмыш жоопкерчилигинен качканы үчүн Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөн. Анын кармалганы боюнча керектүү материалдар жыйналып, Кадамжай РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталды. Учурда текшерүү жагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Басма сөз катчы ошондой эле 26-27-март күндөрү рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 3 адам мас абалда унаа айдап жүргөн жеринен кармалганын маалымдады. 3 айдоочуга атайын протокол түзүлүп, унаалары айып короосуна киргизилди.